Blog Image

Профессор Ч.Койчуманова Тажикстанда өткөн «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык коопсуздукка болгон чакырыктары жана коркунучтары» эл аралык ИПКга катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык коопсуздукка болгон чакырыктары жана коркунучтары» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. ИПК Тажикстан Улуттук илимдер академиясынын Азия жана Европа өлкөлөрүнүн проблемаларын изилдөө институту «Жибек жолу – Консолидация жолу» Улуттук фонду менен биргеликте Конрад Аденауэр фондунун колдоосунда өттү.

Конференциянын жүрүшүндө улуттук жана аймактык коопсуздуктун саясий, аскердик-саясий аспектилери жана экономикалык, экологиялык коопсуздуктун маселелери талкууланды. Тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова «Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстердин негизги чакырыктары» аталышында докладында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди ортого салды.

Иш-чарада илимий талкуу жана ар тараптуу анализ үчүн актуалдуу маселелер көтөрүлүп, илимий коомчулукка кеңири маалыматтар сунушталды.