Blog Image

«Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн Улуттук тарыхый музейде «Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарага Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун окутуучулары, студенттери катышты. Конференциянын журушүндө окуу жайдын доценти, т.и.к. Жумагул Байдилдеев «Кыргызстандагы Алаш-Ордо кыймылы “Талап коомунун” ишмердүүлүгү жаңы ысымдар, жаңы табылгалар», доцент, т.и.к. Салтанат Асекова Ысык-Көл өрөөнүнөн куугунтукталгандардын социалдык бейнеси: «Эскерүү китебиндеги» маалымат базасына талдоо аталышындагы баяндамаларын жасашты.