Blog Image

Теология колледжинин студенттери өндүрүштүк практикаларын өтүп келишти

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология колледжинин 2-3-курстарынын студенттери алган билимдерин тереңдетүү жана бекемдөө максатында кесиптик жана өндүрүштүк практикаларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунда өтүп келишти.
Практика учурунда документтер менен иштегенди жана ар тараптуу проект түзгөндү үйрөнүү менен бирге диний темада илимий изилдөө иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалды.