Blog Image

Теология колледжинин студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты. Алар ак үйдүн түзүлүшү, эл өкүлдөрүнүн иштөө тартиптери менен таанышып, мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук боюнча баяндамаларды угушту. Ошондой эле,  депутат Марлен Маматалиев менен жолугушуп, парламент тууралуу суроолорун берип, кызыктуу маек курушту. Студенттер колледждин директору Н.Б.Шамралиевдин жетекчилигинде жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Ж.Ташболотовдун коштоосунда барды.