Blog Image

“Thanksgiving traditions” аттуу ачык сабак

27-февралда  Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чаралардын бир айлык планынын алкагында Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын англис тил окутуучусу Ж.Джамбаева тарабынан  “Thanksgiving traditions” аттуу ачык сабак өтүлдү.

 Сабактын максаты:  Студенттерге башка өлкөнүн каада-салттары менен тааныштыруу, окутулуп жаткан тилдин өлкөсү боюнча ой-жүгүртүүсүн кеңейтүү, бөтөн маданиятка урмат-сый кылууга тарбиялоо жана студенттердин чыгармачыл жөндөмүн активдештирүү.

Кф-11-22 тобунун  студенти Эркинбекова Айназик:  Бүгүнкү сабак мага абдан жакты. Оюндар аркылуу эле өтүлгөн теманын мазмунун түшүнүп алдым.  Thanksgiving traditions”  деген темадан көп маалыматтарды үйрөндүк. Темага ылайыктуу көптөгөн жаңы сөздүрдү үйрөндүм. Убакыттын өткөнүн да байкабай калдым.

Кф-11-22 тобунун  студенти Курстанбек кызы Айназик:  Thanksgiving Day майрамынын тарыхын  жана англис тилинде ыраазычылык билдиргенди үйрөндүм.  Жылдыз Эдельбековна  сабак учурунда дайыма карточкаларды, сүрөттөрдү колдонуп сабак өтөт.   Сабак кызыктуу болду.  Видео тасманы көрүп өз оюубузду айтып бердик.

Ачык сабакка окуу иштер боюнча институттун директорунун орун басары А.Каныбекова,  кафедра башчысы Н.А. Эргешбаева, корей тили окутуучулары Ким Док Юн, Пак Мин Санг, ага окутуучу  Ж.Джумагулова жана студенттер катышты.