Blog Image

"Тил - адамзаттын жан дүйнөсү" аталыштагы 1-курстун студенттеринин арасындагы конкурс

21-февраль Эл аралык тил  күнүнө карата Искусство жана дизайн факультетинде " Тил - адамзаттын жан дүйнөсү" аталышында 1-курстун студенттеринин арасында конкурс болуп өттү. Конкурска жооптуу кызматкерлер факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Батиров А. Р., Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучулары  Сыдыгалиева Г. С., Абышбаева А. А. жана ошондой эле кураторлор болду.  Конкурста 12 тайпа ат салышты. Алар өздөрүнө бөлүнгөн Россия, Узбекистан, Грузия, Италия, Испания, Монголия, Турция, Индия, Кытай, Корея, Япония, Кыргызстан өлкөлөрүнүн элдеринин каада-салттарын, үрп-адаттарын, өзгөчөлүктөрүн, кийимдерин, ыр-бийлерин, тамак-аштарын көргөзүштү.  
Калыстар тобуна Японтаануу институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы Абдраимова Р. Ж., университеттин башкы китепканачысы Каракозиева С. И., "Манас" университетинин вокал мугалими Шамшиева Н. М., Теология факультетинин деканынын орун басары Тажиматова Г. К., жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Айдаров А. Ж. кирген.
Турция мамлекетин көргөзгөн тайпанын студенттери ал жактагы жер титирөөдөн курман болгондорду бардык катышуучулар менен бирге эскеришти.  
Аягында өзгөчөлөнгөн студенттер жана эң мыкты деген тайпалар грамота жана атайын кызыктыруучу сыйлыктыр менен сыйланышты.