Blog Image

«Тоолуу аймактарда айыл-чарба системаларын өнүктүрүү жана тамак-аш коопсуздугу” деген темада конок лекция болду

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Тоолуу аймактарда айыл-чарба системаларын өнүктүрүү жана тамак-аш коопсуздугу” деген темада конок лекция өттү. Лекция Афганистан, Пакистан жана Тажикистан мамлекеттериндеги практикалык долбоорлордун мисалында болду. Лектор, Азиз Али айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Орто Азия мамлекеттериндеги белгилүү адис. Ал акыркы 30 жыл аралыкта Пакистан жана Афганистан мамелекеттеринде жаратылышты коргоо, кедейчиликти жоюу, токойлоштуруу, тамак-аш кымсыздоо жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча көптөгөн долбоорлорду жетектеп, эл аралык уюмдарда үзүрлүү эмгектенген.

Азыркы учурда Азиз Али Орто Азия Университетинин Хорог шаарында жайгашкан Тоолуу аймактардагы коомдорду изилдөө институтунда (MSRI) ага кызматкери болуп эмгектенип жатат.