Blog Image

Топонимист, картограф Темиркул Эшенкулов «Махмуд Кашгари Кыргызстандын биринчи картографы», профессор «Владимир Николаевич Шнитников» аталышында конок-лекция өттү  

18-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурган декадада Топонимист, картограф Темиркул Эшенкулов «Махмуд Кашгари Кыргызстандын биринчи картографы», профессор «Владимир Николаевич Шнитников» аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга окутуучулар жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө деңиз деңгээлинен 8000 метрден бийик жайгашкан чокулар тууралуу кенен маалымат берилди.

Гималай менен Кара-Корум тоо системаларында жалпы  чокулардын жалпы саны 14 болсо, алардын 10у Гималайда жайгашкан.  Калган төртөөсү Кара-Корумга таандык экендиги тууралуу маалымат берилип, бийик жайгашкан чокулардын Кытайга 9, Непалга 8, Пакистанга 5 жана Индияга1 чоку таандык экендиги айтылды.