Blog Image

“Тренерлер үчүн тренинг” аттуу курсун окуган окутуучулар күбөлүктөрүн алышты

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунда “Тренерлер үчүн тренинг” аттуу курсун окуган 35 окутуучуга күбөлүктөрүн  тапшырды. 2023-жылдын 13-ноябрынан 9-декабрына чейин уланган окууга КМУнун, КУУнун, № 65 Экология – экономикалык лицейинин өкүлдөрү катышты.