Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери «Кана эмесе, кыздар!» форумуна катышып келишти

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 1-курсунун студенттери 3-март күнү “Аялдар кеңеши” биримдиги уюштурган «Кана эмесе, кыздар!» жаштар форумуна катышты. Биздин “Курманжан датканын урпактары” кыздар курама командасы гендердик маселелерди камтыган сахналаштырылган оюн көрсөткөн. Иш-чара студенттерди түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга тартуу жана университеттер ортосундагы билим берүү, маданий кызматташтыкты активдештирүү максатында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин инновациялык борборунда өткөн. Жалпысынан форумга Бишкектеги 8 ЖОЖдун студенттери катышкан. Жыйынтыгында, “Аялдар кеңеши” биримдигинин төрайымы Айнуру Алтыбаева биздин университеттин курама командасына "Эң мыкты" деген баасын берип, КМУнун ректору Айгүл Абдраевага ыраазычылыгын билдирди. Ал эми студенттерди бул иш-чарага даярдаган Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Гүлбү Алыкулова аталган бирикменин “Даңк” медалы, улук окутуучу Рита Сапарбекова – Ардак грамотасы менен сыйланышты. Студент кыздарыбызга сертификаттар тапшырылды.