Blog Image

ТСУББИ, Жаштар бөлүмү жана Студенттик кеңеш тарабынан улгайган жана майыптыгы бар жарандардын "Үмүт үйүнүн" тургундарына алгылыктуу жардам көрсөтүлдү

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун окутуучусу Жүрсүн Өмүрова жана Жаштар, социалдык-маданий иштер жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров университеттин Студенттик кеңешинин мүчөлөрү менен бирге Бишкек шаарындагы улгайган жана майыптыгы бар жарандардын "Үмүт үйү" атайын стационардык мекемесине барып, жазгы жумуштарга жардам берип, көчөттөрдү отургузуп, таттуу белектерди тапшырып келишти.