Blog Image

ТСУББИнин 3-курсунун студенттери тарабынан уюштурулган УИТМЛда “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 3-курсунун студенттери тарабынан профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашына Жалпы тарых жана СЭУББ кафедрасынын окутуучулары Алымкулов К.А.,  Баястанов Н.М., Токтоналиева А.Т. катышып келишти. Лицейдин 9-класстарынын мугалимдеринин жана педагогикалык практика өтөп жаткан студенттерибиздин иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү.Оюндун жүрүшүндө окуучулар 7 топко бөлүнүп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн урунттуу учуру болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жөнүндө терең жана ар тараптуу маалымат алмашуу орун алды. Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга белектер жана грамоталар тапшырылды.