Blog Image

ТСУББИнин 3-курсунун студенттеринин практикасынын алкагында “Кара-Кыргыз автономиялык облусуна 100 жыл” аталышында иш-чара өттү

15-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен Бишкек шаарындагы №66 гимназия-окуу-тарбиялык комплекси бирге уюшутурган “Кара-Кыргыз автономиялык облусуна 100 жыл” аталышында иш-чара өттү.

ТСУББИнин директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде бардык мекемелерде белгиленип жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, институт ушул окуу жылынан тартып өзүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда мектептер жана башка практиканын базасы болгон мекемелер менен тыгыз иш алып баруу жолго коюлганын билдирди.

Студенттердин кесиптик-базалык практикасынын алкагында мектептерде иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилгендиктен, 3-курстун студенттери тарабынан уюштурулган иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев, университеттин практика боюнча жетекчиси Нурпаис Баястанов, № 66 мектептин мугалимдери Кенже Алышбаева, Дастан Абдыраманов, мектептин окуучулары, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунуну студенттери жана окутуучулары катышты.

Иш-чаранын соңунда Чолпон Койчуманова №66 мектептин мугалимдерине ыраазычылык каттарды, окуучуларга сертификаттарды жана илимий китептерди тапшырды.

№ 66 гимназия-окуу-тарбиялык комплексинин окуучулары Ишеналы Арабаевдин эстелигине гүл коюп, эскеришти. Ошондой эле, окуучуларга университеттин тарыхын чагылдырган музейинде экскурсия уюштурулду.