ТСУББИнин окутуучулары жана студенттери РФтин окумуштуулары менен жолугушуусу өттү
15-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту уюштурган Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынан жана Россия Элдердин достугу университетинен (РЭДУ) келген окумуштуулар менен институттун профессордук-окутуучулук курамы жана «Эл аралык мамилелер» багытында окуган студенттер менен жолугушуу өттү. Жолугушууда, РФ ИАнын Жакынкы жана постсоветтик Чыгыш бөлүмүнүн башчысы, саясат таануу илимдеринин доктору Владимир Аватков, РЭДУнун Стратегиялык изилдөөлөр жана прогноздоо институтунун директору Дмитрий Егорченков, Жакынкы жана постсоветтик Чыгыш департаментинин кенже илимий кызматкери Разиль Гузаеров жана Стратегиялык изилдөөлөр, прогноздоо институтунун директорунун жардамчысы Александр Маркиновдор студенттерге эл аралык мамилелер боюнча актуалдуу темаларда лекция өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында пикир алмашуу, суроо-жооп жана кызуу талкуу орун алды. Талкууга активдүү катышкан студенттерге коноктор белекке китептерди берди.