Турат Жоробековдун «Арстаналы Осмонбеков» аттуу китебинин бет ачары
2022-10-31
28-октябрда КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинде окумуштуу, т.и.к. доцент Жоробеков Турат Жоробековичтин «Арстаналы Осмонбеков» аттуу китебинин бет ачары болду. Иш чара И.Арабаевдин 140 жылдыгынын алкагында өткөрүлдү.
Китептин бет ачарында И.Арабаев атындагы КМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Зайниев Равшан Акимович, факультеттин деканы т.и.д., профессор Курбанова Назира Умаровна, т.и.к, доцент Абдалиева Гүлзада Кошоевна, т.и.к, Алыкулова Гүлбү Корошовналар доклад жасап, аталган китептин учурдагы актуалдуулугун белгилешти.
Иш-чарага конок катары келген Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, т.и.к, доцент Сырдыбаев Турат Токтобекович, Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к, доцент Асанов Темиркул Ишекеевичтер автордун биографиясына токтолуп, китептин тарыхнаамелик жана булактык маанисин чечмелеп беришти. Мындан сырткары, Т. Жоробековдун тууганы Мырзатаева Бакыт Султанмуратовна автордун үй-бүлөдөгү орду жана жалпы эмгектери жөнүндө кенен маалымат берип, «Арстаналы Осмонбеков» аттуу китептин 100 даанасын факультетке тапшырды.
Ошондой эле, студенттерге Т. Жоробековго арналган фильм көрсөтүлдү.