Blog Image

Туризм адистигинин 2-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын алдындагы конференциясы болду 

30-мартта, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин География, экология жана туризм факультетинин Экология жана туризм кафедрасынын туризм адистигинин 2-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын конференциясы өттү. Ага «Кыргызстандын жөө туризм союзу» коомдук бирикмесинин инструкторлору Жоробаев Аскар Тойгонбаевич, Эрланов Руслан Эрланович жана кафедранын окутуучулары катышты.
Практиканын уюштурулушу, жүрүшү, коопсуздук эрежелери боюнча жетекчилер Гульмира Акматылдаева, Ширин Багышова түшүндүрмө беришти. Ал эми инструкторлор практика учурунда өтүлчү экскурсиялардан фрагмент көрсөтүп, берилген суроолорго жооп беришти.