Blog Image

Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономиканын интеграциясы боюнча тренинг-семинар

2022-10-18
 И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинде жогорку окуу жайлардын окуу процессине кирген туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика маселелерин интеграциялоо боюнча окуу семинары өтүүдө. 
Тренингди КР Билим берүү жана илим министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси каржылайт.
Тренингдин алкагында окутуучулар университеттердин окуу процессине туруктуу өнүгүүнүн экологиялык аспектилерин интеграциялоонун теориялык билимдерин жана практикалык механизмдерин үйрөнө алышат.

Тренингдердин жүрүшүндө туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика чөйрөсүндө мыйзамдык базаны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо боюнча топтук иштер жүргүзүлдү.
Тренинг эксперттер тарабынан өткөрүлүп жатат.