Blog Image

“Улустун улуу күнү” аталышындагы сүрөт көргөзмө болду

И. Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамына арналган “Улустун улуу күнү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр окуу жайдын Гуманитардык колледжинин Информатика жана дизайн бөлүмүнүн ага окутуучулары менен студенттердин эмгектери. Андан тышкары ушул эле бөлүмгө таандык “Мурас саркеч кийимдер” мода көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Майрамдык салтанаттуу иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Иран Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази жана анын кеңешчиси Абузар Тогани, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Шухрат Байгулов, Туркиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин билим берүү тармагы боюнча кеңешчиси Кюршат Дулкадир жана Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин маданият тармагы боюнча кеңешчиси Равхат Нурлан Айбат уулы чакырылган.