Blog Image

"Улут үчүн эне тилдин баркы жана баалуулугу"

Бүгүн, 2-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата жарыяланган “Ишеналы Арабаев – алгачкы агартуучу” аталышындагы эссе жазуу сынагынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган “Улуттук каада-салт жана нарктуулук жалпы адамзаттык баалуулуктардын контекстинде” аталышындагы илимий жана публицистикалык макала жазуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болүп өттү.

Салтанатты Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы ачып берип, сынактын катышуучуларын куттуктады.

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлгөн эссе жазуу сынагында төмөнкү студенттердин эсселери эң мыкты деп табылып, жеңүүчүлөр ардак грамота жана ректордун акчалай сыйлыгы менен сыйланышты:

1. Нургазыева Нурай – Педагогикалык колледж, 3-курс

2. Аскарбек кызы Санирабика – Японтаануу институту, 4-курс

3. Мусаев Раззак – Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту, 3-курс

4. Дубанбекова Аяна – Японтаануу институту, 1-курс

5. Жаныбек уулу Бекмырза – Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети, 2-курс

6. Айдаров Тимур – Японтаануу институту, 4-курс

Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү студенттер сыйланышты:

1. Рахмидин кызы Орозгүл – Мамлекеттик тил жана маданият институту, 3-курс

2. Абдыкалыкова Гүлбайра – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети, 2-курс

3. Вахабов Руслан – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети, 2-курс

Ал эми “Улуттук каада-салт жана нарктуулук жалпы адамзаттык баалуулуктардын контекстинде” аталышындагы илимий жана публицистикалык макала жазуу сынагында илимий-интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылып, Ардак грамота жана ректордун акчалай сыйлыгы менен сыйланышты:

1. Рахманалиева Миргүл – Биология жана химия факультети, 2-курс

2. Алимова Нурайым – Гуманитардык билимдер факультети, 3-курс

Сыйлоо аземи студенттер тарабынан даярдалган маданий программа менен коштолду.