Улуттук Биринчи каналда “Нооруз-2023” майрамдык берүүгө Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун студенттери тартылып келишти
Улустун улуу күнүнө карата Улуттук Биринчи каналда “Нооруз-2023” деп аталган “Супара” этнокомплексинде тартылган майрамдык берүүгө Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун студенттери барып тартылып келишти. Бул майрамдык чыгарылышта элибиздин каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүктүн арбын түрү чагылдырылып, жоолук таштамай, ак терек-көк терек, тогуз коргоол ж.б улуттук оюндар көрсөтүлдү. Элибиздин улуттук оюндарын чагылдырып, көркүнө чыгарган биздин студенттерди, Жаңы жылга арналган “Нооруз -2023” көрсөтүүсүнөн көрө аласыздар.