Blog Image

Улуттук кыздар футбол курама командасынын оюнчусу, ЭМИнин студенти С.Калмурзаева Тажикстанда өткөн турнирде команда III орунду ээлегенин билдирди

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун студенти Самара Калмурзаева КРнын Улуттук кыздар футбол курама командасынын оюнчусу ү.ж. апрель айында Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн CAFA U18 (Central Asian Football Association) мелдешине катышкан.
Турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча КРнын Улуттук кыздар футбол курама командасы III орунду ээлеген.
Аталган турнирге Иран, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын командалары катышкан.