Blog Image

“Улуттук суусундуктар” аталышындагы курамдар аралык сынак болду

И. Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамын утурлай, университеттин факультеттер, институттар, колежддер арасында улуттук суусундуктар сынагы өттү. Анда курамдар сусундуктардан сырткары дасторконго боорсок, токоч, нан жана улуттук тамак-аштын түрлөрүн жайнатып, айланасын боз үйдүн керегеси менен кооздошкон. Ага кошо эле, катышуучулар ар өлкөнүн улуттук кийимдерин кийген. Мындан улам, калыстар тобу улуттук суусундуктардан сырткары курамдардын кийимдерине дагы баа беришти. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар универститетке келген баардык конокторду даам сызууга чакырып, улуттук суусундуктар менен сыйлашты. Курамдардын мындай даярдыгын ректорат көз жаздымда калтырган жок. Жалпы катышуучуларга акчалай сыйлыктар менен ыразычылык каттар тапшырылды.  Атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту алса, 2-орунга География, экология жана туризм факультети чыкты. Ал эми 3-орун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети ээледи. Сынака жалпы 17 курам катышкан.