Blog Image

“Улуттук тарбиянын башаты – эне тил” аталышында ЖОЖдор аралык семинар

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы тарабынан “Улуттук тарбиянын башаты – эне тил” аталышында ЖОЖдор аралык семинар өткөрүлдү.
Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде 21-февраль –  Эл аралык эне тил күнүнө карата, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында уюштурулду.
Семинарда төмөндөгү окумуштуулар тарабынан баяндамалар жасалды: 
КР  Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жооптуу кызматкери Осмоналиев Темирбек Өзгөрүшович;
Байгазиев Советбек Орозканович - ф.и.д., профессор “Эне тил тагдыры- эл тагдыры”;
Рысбаев Сулайман Рысбаевич - п.и.д., профессор (КББА) “Эне тил эненин бешик ырынан башталат”;
Умарова Рахила Мирзаевна - ф.и.к., доцент (К.Карасаев атын.БГУ) “Эне тил элдин байлыгы”;
Аскар кызы Жылдыз - п.и.к. (Ж.Баласагын атындагы КУУ) “Окуучулардын оозеки кебин өркүндөтүү бүгүнкү күндөгү негизги маселе”;
Жумалиева Рысгул Боронбаевна - доцент (К.Карасаев атын. БГУ)  “Улуттун келечеги эне тилде”;
Иманбердиева Нургуль Амановна -  ф.и.к., доценттин м.а. “Эне тил жөнүндө учкул сөздөр”;
Жолдошалиева Наргиза Автандиловна - кафедранын ага окутуучу “21-февраль Эл аралык эне тил күнү деп аталып калышынын маанилүү себептери”.