Blog Image

“Улуттун улуулугу – тилинде” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү

Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту тарабынан 20-февралда Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улуттун улуулугу – тилинде” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү

Аталган кечеге акын, котормочу, журналист, КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Атахан Кожогулов, акын, котормочу, окутуучу Алтынбек Исмаилов, акын, манасчы Жылдызбек Турсунбаев, төкмө акын Акматбек Султан уулу баш болгон белгилүү акындар катышты.

Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын студенттери кыргыз, орус, өзбек, англис, немис жана түрк тилдеринде көркөм окууларды жана ыр-бийлерди тартуулашты. 

Поэзия кечеси студенттердин рухий дүйнөсүн, атуулдук сезимин акындардын керемет саптары аркылуу ойготуу эне тилдин ыйыктыгын, аны көздүн карегиндей сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү парзыбыз экендигин билдирүү максатында уюштурулду. Ошондой эле, заман талабына ылайык, дүйнө элдеринин тилин үйрөнүү, улуттар ортосундагы ынтымакты, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө чакырат.

Дүйнө жүзүндө канча тил болсо, ошончо улут бар. Ар бир элдин дүйнө таануусу, маданияты менен тарыхы жана рухий дөөлөттөрү алардын тили аркылуу сакталып, кийинки муунга берилет. Бүгүнкү күндө көп тилдүү, көп маданияттуу коомдо эне тилибизге болгон мамиле негизги орунда турат.