Университетте STEAM программасын окутуунун методикасы боюнча 3 күндүк тренинг өтүүдө
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызстандагы АКШ элчилиги, Лингва инновациялык билим берүү борбору менен биргеликте STEAM программасын окутуунун методикасы боюнча 3 күндүк тренинг башталды. Ага университеттин химия, биология, математика, физика сабактарынан берген окутуучулар катышууда.