Blog Image

Университеттер аралык кыз-жигит “Сармерден” оюну болуп өттү

30-мартта,  И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети менен Ж.Баласагын атындагы Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттеринин ортосунда кыз-жигит “Сармерден” оюну өттү. 
Сармерден “Манас” эпосунан үзүндүү айтуу менен башталып, жандуу үн менен аткарылган ырлар, макал-лакап, жаңылмач жана кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты сахналаштырылган оюну менен коштолду. Университеттердин аталган факультеттеринин ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында декандар өз ара ыраазычылык каттарын тапшырышты. Калыстар тобу эки тайпанын катышуучуларынын  таланттарын баса белгилеп, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, жыйынтыгында командалар тең чыккандыгын жарыялашты.