Blog Image

Университеттер аралык кызматташуу уланууда

Үстүбуздөгү жылдын 27-мартында жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты чыӊдоо максатында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Агрономия жана токой чарбасы факультетинин 2, 3-курсунун студенттери И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетине келишти. Аларды факультеттин профессордук-окутуучулар курамы кабыл алышты. Жолугушууда факультеттин деканы Чодураев Темирбек Макешович университет, факультет тууралуу маалымат берип, материалдык-техникалык база менен тааныштырды.  
Ал эми бугүн, биздин окуу жайдын География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана аталган кафедранын 2-3-курсунун студенттери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине экскурсияга барышты. Алар аталган окуу жайдын топуракты анализдөө лабораториясы, жалпы музейи, питомник жана күнөсканасы менен таанышып, лабораториялык иштердин аткарылышына күбө болушту.