Blog Image

Университеттин Enactus командасы жана Стартап борбору Улуттук жаштар ишкерлик сынагына катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Enactus командасы “Өнөр юнион” жана Стартап борбору “САПР” (Компьютердик долбоорлоо системасы) долбоорлору менен "Enactus Кыргызстан Улуттук жаштар ишкерлик кубоry - 2023" сынагына катышууда.

 Кыргыз Респyбликасынын Билим берүү жана илим министрлиги, "Enactus  Кыргызстан" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган иш-чарага окуу жайдын Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова чакырылган.

Сынакта жогорку окуу жайлардын Enactus командалары, ар бир университетте ачылган Стартап борборлору күч сынашып, жаңы долбоорлорун презентация кылышууда.

Белгилей кетсек, окуу жайдын Стартап борбору “Enactus” командасын түптөп, студенттердин ишмердүүлүк көндүмдөрүн өрчүтүү максатында түрдүү иш-чараларга катышып, коомдук бирикме “Enactus Кыргызстан” менен кызматташып келет.