Blog Image

Университеттин Гуманитардык колледжинин бүтүрүүчүлөрү жана долбоорлордун жетекчилери заманбап стилдеги аудиторияларынын дизайнынын авторлору болушту

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжинин имаратында директорунун орун басары Нуржанов Бердалы Бектурсуновичтин жетекчилиги астында Д-120 группасынын дипломдук долбоорлорун коргоо болуп өттү.

Студенттерге дипломдук долбоорлорун ишке ашыруу үчүн аудиториялар берилген. Алар алгач ички интерьерди заманбап дүйнөлүк модага шайкеш тенденцияларын эске алуу менен эскиздерди тартышкан.

Биргелешкен чыгармачыл процесстин натыйжасында заманбап стилдеги эки аудиториянын ачылышы болду: 115-кабинет минимализм стилинде жасалгаланган дизайн бөлмөсү; 407-кабинет кубизм стилинде жасалгаланган информатика кабинети. Долбоордун жетекчилери Сулайманова Камила Мамбетказыевна, Янгибаева Жазгүл Тиленбаевна, Жороев Арзымат Набиевич, Тойчубекова Гүлназ Тойчубековна студенттер менен тыгыз иштешип, чоң иштерди аткарышты.