Blog Image

Университеттин Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Евразия улуттук университетинин өкүлдөрү менен жолугушту

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору профессор Айсулу Бейшенова, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен келген маданият илимдеринин доктору Асел Маликова жана докторант Айдос Макулбеков менен жолугушту. Анда ЖОЖдор аралык кызматташуу, аспиранттарга, докторанттарга биргелешкен илимий жетекчилик жана PhD докторлорун даярдоо, илимий макалаларды биргелешип басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.