Blog Image

Университеттин курама командасы “Ден-соолук - 2023” спартакиадасына катышат

21-27-июнь күндөрү «Кыргызское взморье» санаторийинин спорттук базаларында университеттердин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери

арасында «Ден соолук» спартакиадасы өткөрүлөт. Ага Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин курама командасы катышат. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу жана Мамлекеттик тил, спорт жана жаштар саясаты боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышуучуларга ийгилик каалап, жеңиш менен кайтуусуна тилектештигин билдиришти.

Белгилей кетсек, спартакиада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Жаштык" дирекциясы тарабынан уюштурулуп, спорттун 7 түрү боюнча айымдар жана эркектер арасында өткөрүлмөкчү. Ал билим берүү тармагынын кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталат.