Blog Image

КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайм! Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Кыргызстаныбыз дайыма өнүгүү жолунда болуп, билимдүү жаштарыбыз көбөйсүн! Ала-Тообуздан кут кетпесин, желегибиз желбиреп, бийиктиктен түшпөсүн!

Урматым менен, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева