Blog Image

«Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны!" кышкы лагердин төртүнчү күнү

Кышкы лагердин төртүнчү күнү Туруктуу Өнүктүрүү Максаты (ЦУР) 3 – «Сергек жашоо образын камсыздоо жана бардык курактагы адамдардын бакубаттуулугун илгерилетүү» темасына арналды. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын “Жашоого кирүү” глобалдык демилгеси курсунун тастыкталган тренери, Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу спортко багытталган программа аркылуу жаштардын турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрдү. Дохада 2017-жылы кабыл алынган программанын максаты: тынч жана коопсуз коомду өнүктүрүү, жаштар арасында коомго жат жана тобокелдүү жүрүм-турумдун алдын алуу.

Экономика жана менеджмент институтунун доценти Орузбаев Б. А. жана ага окутуучусу Ж.Албанбаева “Кыргызстандын инновациялык продукту” Туруктуу Өнүктүрүү Максаты (ЦУР) 9 бизнес-оюнун өткөрушту.

Бизнес-оюндун негизги максаты – Кыргызстандын рыногунда илгерилетүү үчүн инновациялык продуктун (товар, кызмат көрсөтүү) сунуштоо. Бизнес-оюндун командаларына “Максатка кантип жетсе болот?”, “Инновациялык продукттарды (товарларды, кызматтарды) түзүү үчүн кайсы тармак артыкчылыктуу”, “Сиздин компанияңыз кандай продукт/кызмат көрсөтөт?”, “Кайсы бренд аркылуу продукт/кызмат аткарылат?”, компаниянын жана продукт/кызматтын жарнамасы тапшырмалар берилет. Ал эми бизнес-оюндун аягында ар бир команданын активдуу катышуучуларына сертификаттар берилди.