Blog Image

«Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны!" Кышкы лагеринин жабылуу аземи

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасынын “Кыргыз руху” залында “Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны!" Кышкы лагеринин жабылуу аземи болуп өттү.

Программа UMAP Азия-Тынч океан аймагындагы университеттердин мобилдүүлүгүн уюштуруунун кыска мөөнөттүү алмашуу программаларынын алкагында уюштурулган.

Лагердин катышуучуларына университеттин ар кайсы бөлүмдөрүнүн студенттерине семинарлардын, мини-лекциялардын, тренингдердин, маданий программалардын бай программасы сунушталды. Лагердин академиялык программасынын мазмуну – өлкөдө адам укуктары, сапаттуу билим берүү, климаттын өзгөрүшү, жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш, жашыл экономика, экотуризм, циркулярдык экономика, инновациялар, сергек жашоо образы чөйрөсүндө болуп жаткан заманбап процесстерди, ал эми маданий программаларында кыргыз элинин каада-салттарынын философиясы жана мааниси чагылдырылган.

Сабактардын форматы ар бир катышуучунун дараметин ачууга, өз пикирин калыптандырууга жана позициясын бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Ар бир күндүн аягында катышуучулар үч тилде – мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жүргүзүлүп, катышуучуларга көп тилдүү мейкиндикке кирип, тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген программа тууралуу ой-пикирлери жана таасирлери менен бөлүшүштү.

Төртүнчү күндүн аягында университеттин илим, эл аралык кызматташтык жана инновациялар боюнча проректору, профессор А.Т.Бейшенованын катышуусунда Кышкы лагерь жабылды.

Лагердин жыйынтыгы чыгарылып, программага катышкан лекторлор каалоо-тилектерин, куттуктоолорун айтышты, лагерге катышкан студенттер өздөрүнүн ой-пикирлерин, алган таасирлери менен бөлүшүштү, алардын көбү англис тилинде сүйлөштү. Программанын аягында студенттерге катышуу сертификаттары, лекторлорго UMAPтын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Японтаануу институту И.Арабаев атындагы КМУнун ректоратын демилгени колдогондугу үчүн жана Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин, География, экология жана туризм факультетинин, Экономика жана менеджмент институтунун, Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун, Дене тарбия факультетинин ар бир студентине – лагердин катышуучусуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Японтаануу институту ошондой эле Кышкы лагердин программасын бекиткени үчүн UMAP эл аралык катчылыгына жана өзүнчө Японтаануу институтунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Йоцухаши Мичинори мырзага өнүгүүгө түздөн-түз кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.