Blog Image

XVI Азия-Тынч океан конференциясынын катышуучулары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу тажрыйбалары менен бөлүшүүдө

12-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту жана «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча аймактык экспертиза борбору – АЭБ» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүп жаткан XVI Азия-Тынч океан АЭБ конференциясынын жүрүшүндө “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ТӨМ 4 (билим берүүнүн сапатын жогорулатуу)” темасынын тегерегинде ой бөлүшүүлөр болду. Анда, конференциянын катышуучулары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн ТӨБ мыкты тажрыйбалары, ийгиликтүү иш-чаралар, окутуу ыкмалары/методологиялары менен бөлүштү. Катышуучулар окуу чөйрөсүн өзгөртүү боюнча жергиликтүү аракеттер жана жаштарды күчтөндүрүү жана мобилизациялоо боюнча жергиликтүү аракеттерге токтолду.

И.Арабаев атындагы КМУ маанилүү эл аралык иш-чарага кошкон салымы үчүн Айыл Банк ААКга ыраазычылыгын билдирет.