Blog Image

XVI Азия-Тынч океан конференциясынын катышуучулары Ысык-Көл биосфералык аймагы менен таанышышты

14-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту жана «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча аймактык экспертиза борбору – АЭБ» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүп жаткан XVI Азия-Тынч океан АЭБ конференциясынын катышуучулары Ысык-Көл биосфералык аймагына жана Геопаркка барып ордунан таанышышты.

XVI Азия-Тынч океан конференциясынын катышуучулары кыргыз элинин каада-салттары жана маданияты менен таанышып, боз үйлөр шаарчасында сыйлуу конок болушту.

И.Арабаев атындагы КМУ маанилүү эл аралык иш-чарага кошкон салымы үчүн Айыл Банк ААКга ыраазычылыгын билдирет.