Blog Image

XVI Азия-Тынч океан конференциясынын жүрүшүндө КРде жашыл экономиканы өнүктүрүү: Кыргызстандын ЖОЖдорунун окуу пландарына жашыл экономика курсун интеграциялоо талкууланды

13-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту жана «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча аймактык экспертиза борбору – АЭБ» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүп жаткан XVI Азия-Тынч океан АЭБ конференциясынын жүрүшүндө “Туруктуу өнүгүү билим берүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ТӨМ 4 (билим берүүнүн сапатын жогорулатуу)” темасы боюнча өтүп жаткан конференциянын жүрушүндө КРда жашыл экономиканы өнүктүрүү: Кыргызстандын ЖОЖдорунун окуу пландарына жашыл экономика курсун интеграциялоо талкууланды. Ошону менен бирге, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча топтор арасында: “Жогорку билим: кыйынчылыктар жана көйгөйлөрдү чечүү; “Мектеп жана жаштар: билим берүү көйгөйлөрү”; “Коомчулук: жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү” маселелеринин тегерегинде талкуулар орун алды.

XVI Азия-Тынч океан конференциясынын катышуучулары Ала-Арча улуттук паркында учурдагы жана потенциалдуу, келечектеги жана биргелешкен долбоорлор боюнча эркин баарлашууну улантышты.

И.Арабаев атындагы КМУ маанилүү эл аралык иш-чарага кошкон салымы үчүн Айыл Банк ААКга ыраазычылыгын билдирет.