Blog Image

"XXI кылымдагы окутуу усулдары" семинары

24-февралда Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун Маданий аралык байланыш жана тилдин теориясы, практикасы кафедрасы тарабынан кафедра окутуучусу Лю Чи Кенг (Lui Chi Keung) менен биргеликте “Teaching method in the 21st Century: Project Based Learning (XXI кылымдагы окутуу усулдары: Окуу долбоору)” темасында экинчи ирээт кезектүү усулдук семинар уюштурулду.

Семинарды өткөрүүгө Бишкектеги тил борборунун директору, Гонконг жана Кытай Эл Республикасынын институттарынын окутуучусу Кис Вун (Keith Wun) чакырылды. Семинарга угуучу катары Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун англис тили мугалимдери жана “Филологиялык билим берүү” багытында билим алып жаткан магистранттар катышты. Семинарда Жогорку окуу жайларында тилди үйрөтүүдө ар бир окутуучу туш болгон негизги көйгөйлөр талкууланды. Жыйырма жылдык тажрыйбасы бар англис жана кытай тилинин окутуучусу Кис Вун (Keith Wun) кесиптештерине азыркы жаштардын дүйнө таанымынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баарлашуудагы кыйынчылыктарды чечүүнүн кызыктуу жолдорун сунуштады.