Blog Image

“XXI кылымдын экинчи он жылдыгындагы окутуунун стратегиясы”

21-февралда Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын доценти М.Высоцкая факультеттин окутуучуларына “XXI кылымдын экинчи он жылдыгындагы окутуунун стратегиясы” деген темада семинар өткөрдү.

Семинарда бүгүнкү билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, азыркы муундун психологиялык өзгөчөлүктөрү, аларга кандай ыкма менен билим берүү керек, курактык өзгөчөлүгүнө жараша кандай мамиле жасоо керек, муундар аралык пикир келишпестиктер сыяктуу маселелер тууралуу маалыматтарды айтты. Семинарга башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө да катышууга мүмкүнчүлүк болду.

И.Арабаев атындагы КМУда профессордук-окутуучулук курамдын билим деңгээлин жогорулатуу максатында мындай тренингдер байма-бай өткөрүлүп турат.