«Үй-бүлөдөгү аялдарга карата зомбулук көйгөйү” аттуу семинар
2022-10-26
Бүгүн, 26-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтуна караштуу Психологиялык педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасында «Үй-бүлөдөгү аялдарга карата зомбулук көйгөйү” аттуу семинар өткөрүлдү.
Аталган иш чарага психология-педагогикалык жана гуманиттардык билимдер кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты. Катышуучулар “Сезим” кризистик борборунан алып келинген буклеттер жана көргөзмө колдонмолор менен таанышышты.
Семинарды кафедранын ага окутуучулары Ажыгулова А.Б. жана Асаналиев К. А. өткөрдү.