Blog Image

ЯИнин I курсунун студенти А.Көчкөналиев жана ЯИнин бүтүрүүчүсү Б.Нурланбек уулу “Иватани Гакуэн” тил мектебинде эки жыл окуу мүмкүнчүлүгүн алышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун “аймактаануу” багыты боюнча I курсунун студенти Арген Көчкөналиев жана Японтаануу институтунун бүтүрүүчүсү Бекназар Нурланбек уулу “Иватани Гакуэн” тил мектебинде эки жыл окууга мүмкүнчүлүк алышты. Аларга окуу акысына жеңилдиктер жана Накашибетсу шаарынын мэринин (Хоккайдо префектурасы) стипендиясы каралган.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга Япониянын “Иватани Гакуэн” колледжинин төрагасы Дайсуке Иватани жетектеген делегация келген. Делегация И.Арабаев атындагы КМУнун ректору менен жолугушуп, Японтаануу институтунда болгон. Сапардын жүрүшүндө кызматташуу маселелери жана Кыргызстанда кыргыз-япон колледжин түзүүнүн келечеги талкууланган. Делегациянын өкүлдөрү Японтаануу институтунун (ЯИ) студенттерин жана Япониядагы окуу программаларына кызыккандардын баарын тааныштырган. ЯИ студенттери жана бүтүрүүчүлөр сынактарга катышкан.