Blog Image

Япониянын тышкы иштер министрлигинин делегациясы расмий иш сапары менен И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтуна келди

8-февралда Япониянын тышкы иштер министрлигинин делегациясы расмий иш сапары менен И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтуна келди. Институттун ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн келген ардактуу конокторго студенттер Япониянын маданияты боюнча юката кийүү аземи, оригами, аниме көрүү сыяктуу түрдүү иш-чараларды тартуулашты. Тамак-аш азыктарынын технологиясы багытында окуп жаткан студенттер япон тамактарын даярдашты. Ошондой эле, Ново-Павловкадагы Ч.Айтматов атындагы лицейден келген окуучулар институт менен таанышышты.