Blog Image

Японтаануу институту Ребун компаниясы менен кызматташат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу 16-февралда япониялык Ребун компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда университет менен компания ортосундагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр орун алды. Жыйынтыгында Японтаануу институту менен Ребун компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.
Келишимге ылайык, аталган компания студенттерди практикага кабыл алууга жана практикага даярдык жүргүзүү үчүн өзүлөрүнүн бир кызматкерин Японтаануу институтуна жиберишет. Ошондой эле, практикага бара турган студенттерге япон тилин окутуу менен бирге япон мейманканаларында сервис жүргүзүүгө даярдоо боюнча макулдашылды.