Blog Image

Японтаануу институтуна 2 жылга Япониядан ыктыярчы келди

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтуна Япониядан 2 жылга ыктыярчы айым Сато Канае келди. Аны университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу кабыл алып, Япониядан келген ыктыярчылар менен иш алып баруу студенттерге япон тилин жана профессионалдык циклдин дисциплиналарын үйрөнүүгө зор таасирин тийгизерине ишенерин айтты. 
Ыктыярчы айым Сато Канае аталган институттун Меймандостук, Эл аралык туризм багыты боюнча жана Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы адистиги боюнча колледждин студенттери менен иштөө пландаштырылган. 
Белгилей кетсек, Японтаануу институту Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен көп жылдан бери кызматташып келет. Эки жыл мурун институт студенттер үчүн волонтер сураган, быйыл өтүнүч канааттандырылып, 23-августта ыктыярчы айым институтка келди.