Blog Image

Японтаануу институтунун 2-курсунун студенти С. Бекова "Сибирь-Хоккайдо" борборунун сынагында 2-орунга ээ болду

12-ноябрда И. Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун 2-курсунун "Аймак таануу" багытынын студенти Селкинай Бекова Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында "Сибирь-Хоккайдо" туризм жана шаарлардын байланыштары борбору тарабынан япон тилинде оратордук чеберчилик боюнча өткөн сынакта Кыргызстандын атынан катышып, 2-орунга ээ болду.

Селкинай Бекованы жеңиши менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана окууда жетишкендиктерди каалайбыз!