Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 30-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга JICA агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Кавамото Хироюки, медициналык маселелер боюнча кеңешчиси Ито Сачиэ катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир жыл ичинде өтүлгөн сабактар жана япон маданияты тууралуу ийримдер боюнча маалыматтар берилди.