Blog Image

Японтаануу институтунун I курсунун студенттери үчүн "Япон тилинин диалектилеринин өзгөчөлүктөрү" аттуу темада Киносита Мичио лекция окуду

Бүгүн, 6-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Япониядан келген Киносита Мичиону кабыл алды. 
Киносита Мичио Японтаануу институтунун I курсунун студенттери үчүн "Япон тилинин диалектилеринин өзгөчөлүктөрү" аттуу темада лекция окуп берди. Лекцияда ал япон тилин окууда кыйналбай окуу, жазуу (иероглиф) өзгөчөлүктөрүн жана эстеп калуу үчүн колдонула турган ыкмаларды кызыктуу айтып берди.