Blog Image

Японтаануу институтунун “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистиги боюнча 13 студенти Япониянын ресторандарында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистиги 2022-жылы ачылган. Азыр институтта эки курс ийгиликтүү окуп жатат. Студенттер үчүн бул адистик ачылгандан бери практикалык сабактарды Япониядан келген волонтёрлор өтүп, студенттерге япон ашканасын даярдоонун негиздерин үйрөтүштү. Эми биздин япон өнөктөштөр Япониянын ресторандарында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн беришти. 
Учурда, 2-курстун студенттери 6 уул жана 7 кыз, Японияда бир жыл окуп, стажировкасынан өтүшөт. Кыздар Окинава префектурасынын Ишигаки шаарындагы Фусаки Бич Resort мейманканасынын ресторанында, ал эми эркек балдар Каруизава префектурасынын Каруизава шаарындагы Принс мейманканасындагы ресторанда стажировка өтөт.
Жыл ичинде стажёрлор япон тамактарын жасоо өнөрүн үйрөнүүгө жана эң негизгиси - япон тилин өркүндөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.
Япония тарабы студенттерди турак-жай жана тамак-аш менен камсыздайт. Жыл ичинде алар кураторлордун жетекчилигинде болушат, бардыгы социалдык жана медициналык камсыздандырылат.