Blog Image

Японтаануу институтунун студенти Япониянын Кансай университетине окууга барат

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенти Санжар Айылчиев 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Япониянын Осака шаарындагы Кансай университетине окууга барат.

Мындай мүмкүнчүлүк КМУнун Азия-Тынч океан аймагындагы UMAP консорциумуна мүчө болгондугуна байланыштуу ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, UMAP консорциуму 1991-жылы негизделген. Учурда бул консорциумга 200дөн ашык университет кирет. 2018-жылы Японтаануу институтунун жетекчилигинин аракети менен уюмга мүчө болуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага ылайык, И.Арабаев атындагы КМУнун ар бир студенти консорциумга кирген каалаган ЖОЖдун алмашуу программаларына катышууга арыз бере алат.