Blog Image

Японтаануу институтунун студенттери «Таазим» фондуна экскурсияга барышты

Японтаануу институтунун «Социалдык иш» жана «Социалдык кызмат көрсөтүү» адистиктеринин студенттери Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан «Таазим» фондуна экскурсияга барышты. Ал жерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүлөт. Студенттер аталган фонддун ишмердүүлүгү менен таанышып, мындагы жарандардын жашоо шартына күбө болушту. Бул тармак студенттердин келечектеги кесиби болгондуктан, институт фонд менен практикалык база катары мындан аркы кызматташуу үчүн келишим түзүүнү пландаштырууда.